У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ажылык сапардан келген 6 тургундун анализи таза чыкты


Вирус күчөп турган маалда ажылык сапарга барып келген Алайдын 6 тургунунун коронавируска байланыштуу анализи таза чыкты. 
Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызы басма сөздөрдүн бирине билдирди. 

«Бүгүнкү күндө Гүлчө айылында 141 орунга ылайыкташкан обсервация даярдалды. Ал эми аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө кичи ажыдан кайтып келип, атайын стационардык шартта көзөмөлдө турган 6 жарандын анализдеринин жыйынтыгы таза чыгып, дарыгерлердин консилиумунун корутундусу менен үй шартында көзөмөл жүргүзүүгө чыгышты. Учурда аймактык ооруканада 55 койкага ылайыкташкан атайын жай уюштурулган», - деди Нуркыз Кадырбек кызы.

Эске салсак, Каргызстан боюнча коркунучтуу вирусту жуктуруп алгандардын саны 14кө жетип, 22-марттан тарта өлкө боюнча өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Ал эми чет өлкөдөн кайтып келе албай ара жолдо калып калган мекендештер чекесинен алынып келип,карантинге жаткырылууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter