У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уулангандар биздин уу коргошунду ичкен эмес. Саламаттыкты сактоо министри уу коргошундан уулангандардын жоопкерчилигин албайт


 Уу коргошун ичип уулангандар биздин аконитти ичишкен эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Анын айтканына караганда, атайын түзүлгөн комиссия Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө барып текшерүү жүргүзгөн, уу коргошундан уулангандар мурдатан эле аконит ичип өздөрүн дарылап жүрүшкөн. Алар кечээ дозасын көп ичип алышкан. 
 
«Уу коргошунга ууланып ооруканага түшкөндөр биздин аконитти алышкан эмес. Алар рак илдетине чалдыккандар, көптөн бери эле уу коргошунду колдонуп келишет. Ашказан рагы үчүн аконит илгертен бери колдонулуп келген. Аларга элдик дарылоону жазып берген адам дозасын эсептебесе керек», - деди ал.
 
Эске салсак, буга чейин уу коргошунга ууланган төрт учур белгилүү болду. Жабырлануучулар ооруканаларда дарыланып жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter