Кыргызстанда дарыгерлер коронавирусту эки-үч күндө айыктыруунун жолун табышты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер бейтаптарды уу коргошун менен дарылайт.
«Уу коргошундан даярдала турган дарыны өзүм даярдайм. Ден-соолукка эч кандай зыяны жок. Болгону ысык ичүү керек. Аны ичкен бейтап эки-үч күндүн ичинде жакшы болуп калат. Дарыны кабыл алып жаткан учурда бейтаптын жанында даргер карап турат жана ар бир бейтапка дарыгер жооптуу болот. Өзүм да ичтим. Эгерде журналисттер келсе, мен даярдалган суусундукту ичип, зыяны жок экендигин көрсөтө алам», - деди министр.
Ал COVID-19 оорусунун көбөйгөндүгүн белгиледи.
«Үчүнчү толкун келе жатат, шайлоодон кийин көп адамдар ооруп жатышат. Аларды жоготуп албоо үчүн биз ушул кадамга бардык. Экинчи толкун учурунда биз уу коргошун менен дарылаганбыз. Бирок элде түшүнбөстүк жаралбасын деп ал тууралуу эч нерсе айткан эмеспиз. Бул тууралуу айтсак ошол кезде айрым адамдар мунун көбүртүп-жабыртып жиберишмек. Азыр алар мен жөнүндө ар кандай нерселерди жазып жатышат”, - деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Ал уу коргошун коронавирусту айыктырууда далилденгенин, өзү коронавируска каршы эмдөөдөн биринчилерден болуп өтсө да эмнеге уу коргошун ичип жатканын айтты.
“Мен азырынча экинчи дозасын ала элекмин. Экинчи дозаны алгандан кийин 20 күндөн кийин гана иммунитет пайда болот. Мен кызыл зонадагы бейтаптарды карайм, күн сайын жандандыруу бөлүмүнө барам. Мен оорулууларга үлгү болдум: министр ичет жана ага эч нерсе болгон жок. Мен бейтаптар менен чогуу ичем» деди.
Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун менен дарылоо башында кимдин идеясы болгонун дагы айтып берди: “Садыр Нургожоевич 2020-жылдын март айында Жээнбековго кайрылган. Ал колониядагы миңдеген бейтаптарды айыктырды, анан мага сунуш кылды. Мен тааныштарыма гана кайрыла баштадым, ал кезде министр боло элек болчумун. Менин досторумдун бардыгы сакайып кетишти. Эч ким өлгөн жок»,-деди ал.