Уу коргошун Кыргызстанда каттоодон өтөт
- 19.04.2021, 18:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Учурда коронавируска каршы колдонулуп жаткан уу коргошун лабораториялык жактан далилденгенден кийин Кыргызстанда каттоодон өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ошко болгон иш сапарында билдирди.
«Биз дарыгер катары баарын изилдеп чыктык. Коронавирусту дарылоодо 150 граммдан төрт жолу ичиребиз. Эки күндөн кийин бейтаптар өзүн жакшы сезип, бардык симптомдор кетип жатат. Азыр жугуштуу оорулар ооруканасындагы бейтаптар сакайып чыгып жатышат, ал жерде 15 күндөн бери уу коргошун менен дарылап жатышат. Мындан сырткары рак ооруларына да колдонуп жатабыз»,-деди министр.
Ошондой эле ал президентке жана өзүнө карата козутуулар болуп жатканын, уу коргошун десе эле уу берип жатат деген сөздөр айтылып жатканына байланыштуу аны мындан ары аконит деп жазып бере турганын аконит десе кыргыздар Америкадан жакшы дары келген экен деп ойлоп каларын кошумчалады.