Буга чейин социалдык тармактарда уу коргошунга ууланган үй-бүлө тууралуу маалымат тараган. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган окуя боюнча расмий билдирүү таратты.
"20-апрелде Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда бир үй-бүлө мүчөлөрү (1950-жылы туулган О.К., 1955-жылы туулган С.Т.) кайрылган. Аларга алдын ала "аконит менен уулануу, ритмогендик шок" диагнозу коюлган. Бейтаптардын айтымында, алар узак убакыт бою кайнатманы дары-дармек катары ичип жүрүшкөн. Аялда шишик пайда болгондугуна байланыштуу бир күн мурда кайнатманын өлчөмүн көбөйткөн. Бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин жүрөк-кан тамырдын иши калыбына келип, жабыркагандардын абалы турукташты. Учурда интенсивдүү дарылануудан өтүп жатышат", - дешти министрликтен.