У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Бейшеналиев журналисттердин алдында уу коргошунду ичти


Бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында журналисттердин катышуусунда уу коргошунду ичти.
 
Бул менен ал коронавирус менен ооруган бейтаптарга үлгү боло аларын жана уу коргошундун эч кандай зыяны жок экенин далилдей турганын билдирди. 
 
Уу коргошунду даярдоону министрге президент Садыр Жапаров көрсөтүп берген. Аны даярдоонун ыкмасын жана дозасын жалгыз президент билет. Ал 15 күн Саламттыкты сактоо министрине уу коргошундан жасалган аралашманы даярдоону үйрөткөн. 
 
Ошондой эле министрдин айтканына караганда, уу коргошундан жасалган аралашманы ооруканаларда жаткан 300 бейтап ичип көргөн. Аны ичкенден кийин оор абалдагы бейтаптар да өзүн жакшы сезе баштаган. 
 
Бирок адистер уу коргошун менен дарылоо коркунучтуу экенин, анын кесепети өлүмө алып келерин айтышууда. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter