"Кыргызстанда 2 адам көз жумду, 2 дарыгер вирус жуктурду" деген маалыматтар чындыкка дал келбейт!
- 26.03.2020, 11:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кечээ, 25-мартта социалдык тармактар аркылуу "Кыргызстанда 2 адам вирустан улам көз жумду, 2 дарыгер вирус жуктуруп алды" деген маалымат тараган. Үрөйдү учурган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта республикалык штабдан кабарлашты.
26-марттын таңында алынган маалыматка карата Кыргызстанда коронавирус жаңыдан жуктургандар жок. Вирус менен алышып жаткандардын саны 44. Алардын алтоо реанимацияда.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.