Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди
- 20.03.2020, 11:42,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мындай буйрукту райондун администрациясы чыгарган. Буйрукка ылайык карантинге алынган райондун аймагына кирип- чыгууларга чектөө
киргизилип, адамдардын массалык чогулуусуна тыюу салынды жана эл көп чогулган объектилердин ишмердүүлүгү токтотулду.
Эске сала кетсек, 20- мартта коронавирусту жуктурган Ноокат районунун үч жашоочусу ооруканага жаткырылган. Вирус жуктургандардын үчөө теӊ Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер экени тастыкталды.