Токтогулда 30 жаштагы жаран дарыяга чөгүп, каза болду
- 11.03.2021, 10:39,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 30 жаштагы адам дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 8-март күнү саат 23.00 чамасында Терек-Суу айылында Узун-Акмат дарыясына 1991-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. 10-мартта маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.