Ысык-Көлдө карагайдын алдында калып, 34 жаштагы тургун каза болду
- 23.12.2020, 10:07,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көл облусунда карагай басып калган 34 жаштагы тургун каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
22-декабрь күнү саат 18:30да облустун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан учурда 34 жаштагы тургунду бак басып калган.
Жерине ӨКМдин №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн карагайдын алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.