У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мигрант: "Атамдын сөөгүн коштоп келе жатсам Кыргызстанга киргизбей жатышат"


Бул вирус адамзаттын башына түшкөн анык мүшкүл болгондой... Дүйнөдөгү кыйчалыш кырдаалдан улам ушундай катаал шартта той бермек түгүл дүйнөдөн өтүү да азаптын азабы болууда. Өлгөн адамга топурак сала албай калдык, кадимкидей зыйнатын кылууга уруксат болгон жок деп кейигендер канча. А түгүл чет жерде жүрүп жан бергендердин жакындары мекенине кире албай, сөөктү сүйрөп ай талаада азап чеккени зээниңди кейитет. Буга Орусияда каза болгон атасынын сөөгүн кыргыз-казак чек арасынан алып өтө албай жаткан келиндин өкмөттөн жардам сурап жаткан кейиштүү абалын мисал кылууга болот.

Өзүн Элдана Кубатова деп тааныштырган келин 5-майда өлкөдөгү маалымат булактарынын бирине чалып, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде турганын, паспорту Орусияныкы болгондуктан кыргыз тарап аны өткөрбөй жатканын айтып берген:

"Орусия, Казакстан өткөрдү. Эми Кыргызстан өткөрбөй жатат. Атам үчүн эле келе жатам. Эртең чык десе чыгып кетет элем. Атамдын сөөгүн үч күндөн бери коштоп алып келе жатам. Бул жакта күн да ысык экен. Өлгөн адамдын сөөгү эмне болуп жатат, билбейм".

Ал атасынын сөөгүн Ош облусунун Кара-Суу районуна алып баратканын айткан. 

Коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы туруу максатында бардык өлкөлөр чек арасын жаап коюшкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter