У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган шахта...Алар мал издеп барышкандыгы айтылды


Бүтүндөй бир үй-бүлө газга ууланып каза болушту. Аталган трагедия Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Кенчилер-Береке" шахтасында катталды. Газга ууланып каза болгон төрт киши ал жакка мал издеп баргандыгы айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Каза болгондор Сүлүктү шаарынын тургундары, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Жакындарынын айтымында, алар 22-июнда өздөрүнө тиешелүү болгон мал жандыктарын издеп үйдөн чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, алар жоголгон малын издеп шахтага түшкөн учурда газга ууланышкан", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайкы, окуя кечээ 23-июнда болуп, "Кенчилер-Береке" шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон. Алардын сөөгүн шахтадан ӨКМ кызматкерлери алып чыккан.

Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров маркумдардын үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтып, материалдык жардам көрсөттү.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter