Сүлүктүдө шахта урап, урандылардын астында калган жумушчу изделүүдө
- 23.12.2020, 10:08,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сүлүктүдө шахта урап, бир жумушчу урандылардын астында калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМга Сүлүктү шаарында 22-декабрь күнү саат 10:40та ЖЧК “Ашымбай” шахтасы урап түшүп 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Кырсык болгон жерге КР ӨКМнен жалпы КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, тез жармам кызматынан 1 бригада, ИИМден 1 экипаж, Шахта мүдүрү жана 20 жумушчулары тартылган. Издөө иштери улантылууда.