Пенсияга чыгуу курагы жогорулайбы? Соцфонддун жообу…
- 17.12.2020, 15:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык фонд айрым категориядагы адамдардын пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну сунуштоодо. Бул тууралуу Социалдык фонддун өкүлү Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
Анын айтканына караганда, буга бюджеттин тартыштыгы себеп болууда. Ошондой эле 2019-жылы Кыргызстандын 47 миң жараны пенсияга чыккан.
«Биз Социалдык фонддун чыгымдарын оптимизациялоону сунуш кылабыз. Өткөн жылы 47 миң жаран пенсияга чыкты, алардын жарымы жаш курагынан эрте пенсияга чыгышты. Биз мунун бардыгын кайрадан карап чыгышыбыз керек. Болбосо, пенсионерлердин саны өсөт», - деди ал.