У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Социалдык фонддо акча жок. Январь айына пенсия төлөө үчүн Каржы министрлигинен жардам сурайт

 
2021-жылдын январь айы үчүн пенсия төлөө боюнча социалдык фонд Каржы министрлигинин колдоосун күтүп жатат. Бул тууралуу Социалдык фондун  төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
 
Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын аягында социалдык жөлөк пулдардын көлөмү 2 миллиард сомго азайышы күтүлүүдө. Жыл аягына чейин тартыштык 1 млрд. сомду түзөт. 
 
Гүлнара Жуматаеванын айтымында, Социалдык фонддо ашыкча акча жок. 
 
«Декабрь айындагы пенсияны убагында төлөйбүз. Январь айына келсек, биз Каржы министрлиги менен макулдаштык, мындай учурда алар бизди колдошот», - деп түшүндүрдү ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter