У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Момбеков: «Мамлекеттик салык кызматынын жана Бажы кызматынын жетекчилери кызматтан кетиши керек»

 
Жогорку Кеӊештин транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков өкмөттүн өкүлдөрүнөн 2019-жылы 12 миллиард сомдук бюджеттин тартыштыгына ким жооп бере тургандыгын сурады.

Эл өкүлү белгилегендей, экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик салык кызматынын экс-башчысы Тенизбек Абжапаровду бюджеттин 1,5 миллиард сом тартыштыгы үчүн кызматтан алган.
 
«Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын башчылыгына андан кийин келген. Мен Абылгазиевден эмне үчүн Абдалиев кызматынан кетпейт деп сурагам, анткени анын бюджети да тартыш. 2019-жылдын аягында бюджет 12 миллиард сом четтөө менен чыкты. Андан кийин Абылгазиев планды аягына чейин аткарышы керек, эгер аны аткарбаса, анда чара көрүлөт деп жооп берген», -деди Момбеков.
 
 Депутат бюджеттин тартыштыгы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын жана Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилери кызматтан кетиши керектигин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter