Акылбек Жапаров: «Соцфонд сынып, 3 жылдан кийин эч ким пенсия албай калат»
- 01.12.2020, 14:41,
- Башкы
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Социалдык фонддун абалы жылдан жылга оорлошуп бара жатат. 3 жылдан кийин Соцфонд сынып, эч ким пенсия албай калат. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров кечээ, 30-ноябрдагы Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.
«Соцфонддун абалы оор, 3 жылдан кийин Соцфонд сынып, эч ким пенсия албай калат деп ачык айтпайсыңарбы. Соцфонд өз милдеттемелерин аткара албай кала турган заманга баратабыз. Канча адам пенсияга чыкканын, топтомо бөлүгү кандай — так анализ болушу керек. Пенсия бул жөлөк пул эмес, ким иштеп Соцфондго акча которсо гана пенсия алууга татыктуу. Негизи Социалдык фондду пенсиялык фонд деп өзгөртүү зарыл», — деди Жапаров.
Булак: Чындык медиа