У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Пакистандан даваатан келген коронавирус жуктурган жаран эмнеге карантинге алынган эмес?


Кечээ 29-мартта 26 адам жаман вирусту жуктурганы маалым болгон. Тилекке каршы алардын бири Нарын областынын тургуну болуп чыккан. Ал жарандын Пакистандан давааттан келгендиги айтылды. 2019-жылдын 15-ноябрында Пакистанга дааватка кеткен. Вирусту алып жүргөн жаран 2020-жылдын 15-мартында Лахол-Ташкент, Ташкент-Бишкек рейси менен саат 10:00дө “Манас” аэропортуна келген. Ташкентте Бишкекке учуучу каттамды 5-6 саат күтүшкөн. “Манас” аэропортунан үйдөн чыкпай отуруу, эч ким менен байланышпоо, дене табы көтөрүлсө "Тез жардамга" кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул адам Бишкек шаарында уулунун үйүндө төрт күн болгон. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга саат 15:00-16:00 чамасында 7 киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү 18:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. 28-мартта анализинен вирус табылган. Азыркы учурда изоляцияда. 

"Аны менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлдө. Биринчи категориядагы байланышта болгон 15 адамдан анализ алынды. Үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды. Алардын анализин эртерээк чыгарып берүү жагы штабда облус жетекчилиги тарабынан көтөрүлдү. Экинчи категориядагы байланышта болгон 127 адамга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлду. Жашаган көчөсүнө пост коюлду. Эгер биринчи категориядагы 15 адамдан вирус табылса, экинчи категориядагы адамдардан да анализ алынып, алар менен байланышта болгондор табылат" дешет расмий маалыматта.

Бир областты бүт дүрбөлөң кылган адамга Нарын областынын эли нааразычылыгын билдирүүдө. Эң алгачкы суроолору "Эмнеге Пакистандан келээри менен обсервацияга жаткырылган эмес?". Чындап эле, вирус адамдын денесинде белгилери билинбей жарым ай жашаарын дүйнөлүк медицина өкүлдөрү тил безеп жаткан чакта эмнеге бизде четтен келгендер дароо изоляцияга алынбайт деген суроо туулат.

Бул бир, мындан сырткары кечээ эле Түркияга концерт коюп кетип келе албай жаткан "Шайыр апалар" эмнеге изоляцияга жаткырылган эмес? Арасында Ак-Талаа районунун тургундары да бар экени, эч кимиси изоляцияга алынбай үйлөрүнө жиберилгени айтылууда. Эгерде апалардан да вирус табылса ким жоопкер болот? Эмнеге четтен келгендер жене табы көтөрүлсө да, көтөрүлбөсө да изоляцияга алынбайт? 

Фабула Пресс




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter