ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
- 13.11.2020, 14:21,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ички иштер министрлигинин кызматкери мыйзамсыз акча алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын З.Ж.А. аттуу ыкчам кызматкери 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Окуя 12-ноябрда болгон.
"Кармалган адам арыз ээсинен сотко чейинки процессте жоопко тартылбаганы үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.