У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара менен кармалды

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 14-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик коргоо кызматы 14-сентябрда жүргүзгөн ыкчам тергөө иштеринин негизинде Кара-Суу райондук сотунун төрагасын пара алып жаткан учурда кармашкан. 
 
11-сентябрында УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жергиликтүү тургундан келип түшкөн арызды Кылмыштар жана жооруктардын бирдиктүү реестерине каттап, Жазык кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштаган. 
 
Арыздаган адамдын айтканына караганда Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун төрагасы ишти оӊ жакка чечип берем деп пара талап кылган. 
 
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter