У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коррупция! Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары пара менен кармалды


Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары пара менен кармаганын УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-октябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам тергөө иш-чаранын жыйынтыгында, Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Н.Р. аттуу кызматкер кармалган.

Такталгандай, кармалган адам патрулдук милиция бөлүмүнө талапкерлерди жумушка орноштуруу маселелерин оң тарапка чечип берүүсү жана учурдагы кызматкерлерди жогорулатуу үчүн системдүү түрдө акча каражаттарын алып турган. Бул факты "пара алуу" боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын комплекси улантылып жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter