У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


30га чыга элек мэрия кызматкери пара менен кармалды...



Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси камалганын кабарлады. Мекеме 9-июнда тараткан маалыматка караганда, 29 жаштагы кызматкер пара алып жаткан учурда кармалды:

"Такталгандай, кармалган адам муниципалдык жер боюнча ижара мөөнөтүн узартуу үчүн жеке ишкерден акча талап кылган. Сотко чейинки териштирүү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинин ("Пара талап кылуу") негизинде катталды".

УКМК билдиргендей, кылмышка шектүү адам Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМКнын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголду. Анын 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу» деген беренелердин негизинде каттоого алынган.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter