Жалал-Абадда үч эм төрөгөн 28 жаштагы келин баатыр эне болду
- 19.10.2020, 12:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
16-октябрда Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө 28 жаштагы келин үч эмди жарык дүйнөгө алып келди. Төрөт үйүнүн жетекчилигинин айтымында Сузак районуна караштуу Кызыл-Кыя айылынын 1992-жылы туулган тургуну Аксана Омокова үч эм төрөрдү. Ымыркайлардын улуусу 2 кг 400 грамм, экинчиси 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү 3 кг 100 грамм болуп төрөлгөн.
Балдардын жана эненин абалы жакшы. Аксананын үч эмден тышкары дагы үч уул, бир кызы бар.