Сүйүнчү! Ош шаарында 19 жаштагы келин үч эм төрөдү
- 28.04.2020, 16:30,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сүйүнчү! Ош шаарында 19 жаштагы келин үч эм төрөдү. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова тастыктады.
Анын айтымында Кара-Суу районунун Нариман айылынын 19 жаштагы тургуну кечээ, 27-апрель күнү үч эм кыздарын жарыкка алып келди. Үч эм операция жолу менен төрөлгөн.
Учурда эненин жана кыздардын абалы жакшы. Биринчи төрөлгөн кызы 2 кг 400 гр, экинчиси 2 кг 100 гр, үчүнчүсү 2 кг салмак менен төрөлүшкөн. Бул жаш келиндин алгачкы төрөтү.