У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бек Борбиев: "Үйүңөргө май, кант, ун ташыгандар баатыр эмес..."


Дүйнөнү каптаган илдет коомдун сыртындагы жалтырагын жууп салып, анык жүзүн көрсөткөндөй болду. Сыноону баштан кечирген дүйнө элинин ичинде биздин эл да бар. Өз оокатын таап жеп жаткан эл үчүн күтүүсүз жарыяланган карантин бир топ түйшөлүүнү пайда кылганына күбө болдук. 

Бул айларда бир топ үй-бүлө кыйналып, жардам суроого аргасыз болушту. Элден айланса болот, эл бири-бирине жөлөк болуп, бул күндөрдөн чыгып кетишти. Калктын аялуу катмарына Өкмөттөн сырткары өнөр адамдары, таанымал инсандар кол сунуп жатышты. Мындай кырдаалда кол сунгандардын айрымдары алкоого арзып, эл сыймыгына айланышты.

Элдин бири-бирин жөлөгөнү жакшы, бирок туруктуу жумуш орундары болгондо эл мынчалык кыйналбайт беле деген ойго келесиң. Белгилүү ырчы Бек Борбиев да коомдун бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу ойлорун билдирди. Ал үймө үй кыдырып азык-түлүк бергендер баатыр эмес, туруктуу иш орундарын түзуп бергендер баатыр экенин жазып чыкты.

"Үйүңөргө май, кант, ун ташыгандар баатыр эмес, жумуш орунун түзгөн, стабилдүү айлык берген өндүрүш кургандар - баатыр" дейт ырчы. Келечектен үмүт үзбөй туралы, Бек мырза айткандай чыныгы баатырлар чыкчу доор алыс эместир... 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter