Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылынын уул-кыздары апаат илдеттен коргонуу, оорунун алдын алуу максатында "Айылга жардам" акциясын уюштуруп, кичи мекенине колдон келген жардамын беришүүдө.
Аталган акцияга айылдын чет өлкөдө, борбор шаарда, айылда турган уул-кыздары жапатырмак тартылып, натыйжада дары-дармек,
кычкылтек концентраторлорун алууга каражат топтоп жаткан убагы.
Ал эми Орусияда иштеп жүргөн айылдын уул-кыздары мекенине 110 миң рубль чогултуп, кычкылтек концентраторун, дары-дармектерди салып жиберишкен. Бул тууралуу айылдын эли маалымдашты.