У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сентябрдын аягынан тартып сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүлөт

Борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарынын эсебинен сасык тумоого каршы вакцина сатылып алынды, ал этап-этабы менен ноябрга чейин алынып келет. Вакцинанын алгачкы келиши сентябрдын ортосунда күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 
 
Маалыматкы ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги 2020-2021-жылдарга карата алдыдагы эпидемиологиялык мезгилде республикада сасык тумоонун өтүшүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында сасык тумоого каршы профилактикалык вакциналарды сатып алууда. Калкты эмдөө сентябрдын аягынан ноябрдын аягына чейин жүрөт.  
 
 Сасык тумоого каршы вакцина республиканын бардык облустар, райондор, шаарлар боюнча бөлүштүрүлөт. Эмдөө иштери бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлөт. 
 
 Вакцина биринчи кезекте тобокелчилик тобуна кирген жарандарга: өнөкөт оорулары барларга, кош бойлууларга, көп ооруган балдарга, балдар үйүндөгү балдарга, карылар үйүндөгүлөргө, мектеп-интернатындагы балдарга, медициналык жумушчуларга жана 65 жаштан жогорку курактагыларга ыктыярдуу түрдө акысыз жүргүзүлөт.
 
Мамлекет тарабынан сатылып алынган вакцина элдин баарына жетпеши мүмкүн, ошондуктан акы төлөнүүчү негизде жеке медициналык борборлорунда профилактикалык эмдөөнү уюштурууну күчөтүү чаралары көрүлүп жатат.
Ушуга байланыштуу лицензиясы бар жеке медициналык борборлорго каалоочулар кайрылган учурда сасык тумоого каршы вакцинаны акы төлөнүүчү негизде жүргүзүүгө уруксат берилет.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter