У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Калкты тейлөө борборунда аралык сактамак түгүл, жөөлөшкөн элдин видеосу тарады


Тартипти, талапты аткарбаган жактан алдыга ат салдырбаган эл экенибизди дагы бир ирет тастыктаган өңдүүбүз. Буга кечээки же бир жума мурдагы окуяны эмес, бүгүнкү эле калкты тейлөө борборундагы жөөлөшкөн элди мисал кылууга болот. 

Пандемия шартында этап-этабы менен ишин баштап жаткан мекемелерде социалдык аралык жана гигиеналык эрежелерди сактоо керектиги буга чейин көп ирет айтылып келет. Ошого карабай Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан калкты тейлөө борборлорунда жүздөгөн адамдар кезек күтүп, аралыкты сактамак турсун, эшиктен тыгылып кирип жаткан видео “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

“Калкты тейлөө борборунун биринчи иш күнү. Кыязы акысыз коронавируска кезекке турушкан окшойт”, — деп жазылган видеонун сүрөттөмөсүндө.

Кадрларда сыртта турган эл имараттын ичине умтулуп, кароолчуларды түртүп кирүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter