У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн жөнөп кетишти


Коронавирус инфециясына каршы күрөшкөн дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шарындагы ооруканаларда иштеген 182 медицина кызматкери Ысык-Көл облусундагы "Алтын Жай" пансионатына реабилитациялык өргүүгө кетишти. Алар жети күн эс алып, ден-соолугун калыбына келтиришет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөт COVID-19 жана пневмония менен жабыркаган, инфекция очокторунда иштеген медицина кызматкерлеринин ден-соолугун калыбына келтирүү максатында Ысык-Көлдөгү пансионаттарга эс алуу уюштуруп жаткандыгын эскертти.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter