Ооругандар азайып баштады. Бишкекте кайсы ооруканаларда орундар бош турат?
- 27.07.2020, 11:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кудайга шүгүр, ооругандардын саны азайып баштады. Саламаттык сактоо министрлиги учурда Бишкектеги ооруканаларда 400 бош орун бар экенин билдирди.
Мындан төрт күн мурун 1 190 бош керебет болсо, андан бери ага дагы 210 орун кошулду. Ал эми кечээтен бери бейтаптардын саны 27ге кыскарган.
- "Гансидеги" оорукана — 517;
- Улуттук госпиталь — 162;
- Воронцовкадагы санаторий — 190;
- №1 Интернат — 98;
- Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 99;
- Республикалык наркология борбору — 83;
- Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 44;
- №1 Шаардык клиникалык оорукана — 48;
- "Ынтымак" медресеси — 39;
- Темир жол ооруканасы — 11;
- Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи (Суворов училищеси) — 50;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору — 11;
- Rixon мейманканасы — 16;
- Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 17;
- Discovery мейманканасы — 13.
- Улуттук хирургия борбору — 2;