У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нарын областында вирус жуктургандар көбөйүүдө. Бишкектен дарыгерлер жөнөп кетти...


Тилекке каршы Нарын областында акыркы суткада 15 адам жугуштуу илдетке чалдыкканы маалым болду. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги Нарын облусуна медицина кызматкерлеринин кезектеги, үчүнчү тобун жөнөттү. Тактап айтканда 14-майда Бишкектен Нарынга жети ыктыярчы дарыгер жөнөп кетти.

Алардын үчөө – акушер-гинеколог менен реаниматолог он күн бою аймактагы кесиптештерине жардам берип иштейт. Эки акушер-гинеколог Нарын облустук ооруканасына, дагы бирөө жана бир реаниматолог Ат-Башы районуна жөнөтүлөт.
Министрлик кабарлагандай, ар бир кызматкер тийиштүү медициналык каражаттар менен камсыз болду, аларга кошумча маяна мыйзамга ылайык төлөнүп берилет.

Жалпысынан буга чейин Бишкектен аймактарга дарыгерлердин дагы сегиз тобу жөнөтүлгөн болчу.

Жалпысынан республика боюнча оору 1082 адамдан табылса, алардын ичинен 152 бейтап Нарын облусунда. Көбү Ат-Башы районунда – 77, Нарын шаарында 58, Жумгал районунда 14 жана Кочкор районунда үчөө.

Буга чейин Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен жаман илдет табылган.  Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев буга «коргонуу чараларынын сакталбаганы, этибар албагандык» себеп болгонун билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter