Коронавирустан көз жумган дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом берилди
- 13.05.2020, 19:50,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине убадаланган компенсация берүү башталды. Тамыры кенен жайылып бара жаткан аты жаман вирусту жуктуруп алып каза тапкан Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилди. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.
"Апрель айында эпидемия очокторунда иш алып барган медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөм үчүн 105 миллион 400 миң сом которулган. Коронавирус инфекциясы жугуп көз жумган дарыгер Жүзүмкан Көкүмбаеванын үй-бүлөсүнө 1 000 000 сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтүлдү”, — дешти штабдан.