У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балыкчы мэриясы: "Финансылык пирамидага чакырган шылуундарга алданбаңыздар!"


Учурда эл арасында Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында финансылык пирамида оюндарына активдүү катышып жаткандар көбөйүп баратканы айтылып жатат. Балыкчынын мэриясы да бул көрүнүшкө кайдыгер мамиле кылган жок. Алар мындай алдамчылыкка ишенип, финансылык оюндардын кесепетинен көптөгөн жарандар акча каражаттарын алдатып, кайра алалбай жатышканын маалымдашты.  Ошол себептен мэрия шаардын тургундарына кайрылуу жасады.

"Азыркы убакта Балыкчы шаарынын тургундарынын арасында акча каражатын салып жана аны эки эсе көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына күбө болуудабыз. Эгерде сизге кандайдыр бир акча каражаттарын көбөйтүү боюнча финансылык пирамида оюндарына кошулуп ойноого чакырыктар болсо, мындай алдамчылык жолдорго барбооңуздарды сунуштайбыз", - деп айтылат кайрылууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter