Бишкек шаарында 1-июндан тарта ысык суу өчүрүлүп, фонтандар иштеп баштайт
- 28.05.2020, 09:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарында 1-июндан тарта 1-июлга чейин ысык суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэрия Азиз Суракматов кол койгон.
⠀
“
Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда”, – деп билдирет мэрия.
Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Аны менен бирге мэрия 1-июндан тарта шаардагы фонтандар иштей баштай турганын билдирет.