Батиримди тармактык маркетинг менен иш алып баргандарга алдатып жибердим
- 19.06.2020, 14:51,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Негизи эле тармактык маркетинг менен алектенгендерге ишенчү эмесмин. Жакын досум бул жаатта бизнес кылып жатам, 1 айда 2 батирдин акчасын табасың деп ой-боюма койбой жатып үйүмдү саттырган. Батир Бишкектин жакшы районунда болчу. Бул үй мага атамдан калган.
Тилинен сүйлөсө бал тамып, бир заматта байытам дегенинен ага ишенип үйдү сатып, акча салгам. Мен акча салгандан кийин ал бизнес жабылып калды. Мага кайра акчамды кайрып да беришкен жок. Өзүм кичинекей соода-сатык кылып иштечүмүн. Көп жылдан бери тапкан акчам көбөйбөй жатканынан бул жаатта иш алып барайын деп ойлогом.
Кимге кайрылам? Булар болсо өз ыктыярың менен акчаңды бергенсиң деп чыга беришти. Ким эле ушул жаатта иш кылып жыргап жатканын билбейм. Жеке мен күйүп отурам. Жакшынакай батирди сатып, азыр башка бирөөнүн үйүндө квартирантмын. Келинчегим стресс болуп ооруп жатат.
(Окурмандын каты)