У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көл эшигин жабабы? Балыкчы шаарында ооруканада кезек күтүп кыйналган элдин видеосу тарады


Социалдык тармактарга Балыкчы шаардык ооруканасынын кире беришинде топтолуп кезек күткөн, дарыгерлерге жете албай жолдо кыйналып жаткан адамдардын видеосу тарады. 



Видеодо дем ала албай жаткан жаранды көрүүгө болот. Анын жан айласын таппай жатканына карабай дарыгерлер кабыл албай жатышкандыгын, буга кезекке тургандардын көптүгү, дарыгерлердин жетишсиздиги себеп болуп жатканын видеону тартып жаткан адам айткан.

Чынында аймактарда медицина алсыз экени талашсыз. Ысык-Көл областында абалдын курчуп жатканына элдин жайкы сезонго карата каттап жатканы бирден бир себеп болууда дешет жергиликтүү тургундар. Мындай курч абалдан улам социалдык тармактарда айрым атактуу инсандар  "Балыкчы шаарында абал курч, дарыгерлер керек" деген чакырык менен бийликтегилерге кайрылууда. 

Айрымдар болсо "Көлдүн быйылкы сезонун садага чаап, Ысык-Көлдү толугу менен жабуу керек" сунушун айтууда. Мындай суроолорго жергиликтүү бийлик жооп берди.

Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоевдин тараткан маалыматына караганда учурда Ысык-Көл облусунда абал туруктуу, бирок курчуп кетүү коркунучу бар. Мындан улам   коронавируска каршы ыкчам штабдын отуруму өтүп, облусту жабуу маселеси көтөрүлдү, бирок андай чара көрүлбөй турган болду.

Кожоев белгилегендей, облустун ар бир тургуну өз ден соолугуна өзү кам көрүшү керек деген чечим кабыл алынды.

"Буга чейин инфекция жугузуп алгандар бирин-серин эле катталып жаткан болсо, азыр ондон, кээде 20дан ашып кетип жатат. Ошондуктан абал курчуп кетиши мүмкүн. Облусту жапкан күндө да кайра ачканда экинчи толкун болуп, андан да көп болушу мүмкүн деп бизге дарыгерлер айтышты. Андыктан биз облус тургундарына «райондон районго же башка аймактарга каттаганды коё тургула» деп кайрылмай болдук. Ар бир адам өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн өзү кам көрсүн деп чечтик. Жергиликтүү бийлик органдары жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзмөй болушту", - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter