У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көл облусунда көзөмөл күчөтүлөт

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусунда эс алуучулардын агымы көп болуп жатканына байланыштуу аймакта көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын берди. 
 
«Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн айда Ысык-Көлгө 3 миӊ адам эс алууга барса, акыркы 20 күндүн аралыгында 10 миңден ашык эс алуучу барды. Алардын арасында дагы ооруп, дарыланып жаткандары да болушу мүмкүн. Ошондуктан облуста, курорттук аймакта көзөмөлдү күчөтүү керек. Зарыл болсо кошумча күчтөр тартылсын», - деди Боронов.
 
Эске салсак, Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектен Чолпон-Атага дарыгерлердин кошумча командасын жибергенин, алардын арасында Орусиядан келген реаниматологдор дагы бар экенин вице-премьер министр Аида Исмаилова билдирген. 
 
 
     
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter