Исмаилова: "Өзүм билемдик менен дары сатып алып дарыланбаңыздар"
- 10.07.2020, 16:49,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Азыр элдин көбү ооруп жатат. Ооруканаларга барбай, үй шартында дарылангандар арбын. Үйдө жатып туура эмес дарылануунун кесепетинен абалы оорлошуп кеткендер көп болууда. Медиктерден кеңеш алып, атайын бекитилген протоколдун негизинде дарылануу зарыл. Бул туурасында социалдык маселелерди тескеген вице-премьер Аида Исмаилова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, ар бир өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылоонун өзүнчө клиникалык протоколун даярдайт. Кыргызстанда мындай протокол акыркы ирет 8-июнда бекиген. Ал эми ушул шаршемби күнү үйдө жатып дарылангандар үчүн жаңы протокол иштелип чыкты.
"Тилекке каршы, үйдө жаткандар ийне сайдырып, асма уколду көп колдонушууда. Туура эмес дарылоодон абалы оорлошуп кеткендер болууда. Алар дексаметазон, эуфиллин жана алардын комбинациясындагы химиялык аралашмалары бар препараттарды колдонушкан. Жарандарга кайрыларым, өзүм билемдик менен дары сатып алып дарыланбаңыздар. Интернетте жана башка булактарда айтылган ыкмаларды колдонбоону сунуштайбыз", — деди Исмаилова.