У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус менен ооруп айыккандарга көлгө түшүүгө болбойт

Пневмония жана коронавирус илдети менен ооруп жаткандарга жана илдеттен айыккандарга Көлгө барууга, сууга түшүүгө болбойт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Жамиля Усупова 28-июлда билдирди. 
 
«Коронавирус менен оорубаган жарандар саламаттыкты сактоо министрлиги айткан талаптарды, аралыкты сактоо менен көлгө барып эс алса болот. Ал эми ооруп айыккан адамдар 14 күн үй карантининде болушу шарт. 14 күндөн кийин ден соолукту чыӊдоочу процедураларга барса болот. 
Пневмония менен ооругандарга, вирус жуктуруп алгандарга, оорунун эч кандай белгилери жок болсо да Ысык-Көлгө барууга, сууга түшүүгө болбойт. Көлдөгү муздак аба-ырайы ден соолукка терс таасирин тийгизет. Сууга түшкөндө муздап, суудан чыкканда ысып,тактап айтканда  бирде ысып, бирде үшүп калууда жаӊы калыптанып келе жаткан организм стресске кабылышы мүмкүн. Ошондуктан коронавирус менен ооруп сакайган жарандарга сууга түшүү сунушталбайт»,-деди Усупова 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter