Бүгүн 7 адам коронавирустан каза болду
- 30.06.2020, 09:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда коронавирустан жети киши каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
5. Кыргыз-Түрк-достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).
Ушуну менен республика боюнча коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын жалпы саны 57 кишиге жетти.