Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы кечээтен баштап коронавирус жуктурган бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Оорукана 72 орунга ылайыкталган. Жалпысынан 35 медик иштеп жатат. 12 интенсивдик терапия палатасы бар", — деди Үсөнбаев.
Эске салсак, Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы убактылуу жабылган. Азыр анда бардык кызматкерлерден анализ алынып, медициналык жайды дезинфекциялап жатышат.