Коронавирустан 56 жаштагы аял каза болду
- 23.06.2020, 10:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
"56 жаштагы аял Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында дарыланып жаткан. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болуп калды", — деди Каратаев.
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.