27-июнда 309 адамдан вирус табылды, 50 бейтап айыкты
- 27.06.2020, 10:07,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 309 адамдан вирус табылып, 50 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 27-июндагы брифинг учурунда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-118, Чүй облусунда-23, Ош шаарында-94, Ош облусунда-39, Жалал-Абад облусунда-19, Талас облусунда-3, Нарын облусунда-5, Ысык-Көл облусунда-5, Баткен облусунда-3 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 4513гө жетти, анын ичинен 2212 бейтап айыгып чыкты, 46 адам каза болду.