13-июнда 41 адамдан вирус табылып, 54 бейтап айыкты
- 13.06.2020, 10:35,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 41 адамдан вирус табылып, 54 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-июнда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-18, Ош облусунда-2, Ош шаарында-6, Чүй облусунда-6, Баткен облусунда- 1, Нарын облусунда-3, Жалал-Абад облусунда-3, Ысык-Көл облусунда-3 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 2207ге жетти, анын ичинен 1722 бейтап айыгып чыкты, 27 адам каза болду.