25-июнда 228 адамдан вирус табылып, 30 бейтап айыкты
- 25.06.2020, 10:07,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 228 адамдан вирус табылып, 30 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 25-июндагы брифинг учурунда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-113, Чүй облусунда-24, Ош облусунда-31, Ош шаарында-32, Жалал-Абад облусунда-10, Талас облусунда-3, Нарын облусунда-1, Ысык-Көл облусунда-12, Баткен облусунда-2 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 3954гө жетти, анын ичинен 2112 бейтап айыгып чыкты, 43 адам каза болду.