24-июнда 207 адамдан вирус табылып, 28 бейтап айыкты
- 24.06.2020, 10:08,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 207 адамдан вирус табылып, 28 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 24-июндагы брифинг учурунда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-92, Ош облусунда-28, Ош шаарында-43, Чүй облусунда-35, Жалал-Абад облусунда-1, Талас облусунда-1, Нарын облусунда- 5, Ысык-Көл облусунда-2 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 3726га жетти, анын ичинен 2082 бейтап айыгып чыкты, 42 адам каза болду.