26-июнда 250 адамдан вирус табылып, 50 бейтап айыкты
- 26.06.2020, 10:05,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 250 адамдан вирус табылып, 50 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев 26-июндагы брифинг учурунда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-105, Чүй облусунда-61, Ош облусунда-19, Ош шаарында-47, Жалал-Абад облусунда-12, Талас облусунда-1, Нарын облусунда-1, Ысык-Көл облусунда-2, Баткен облусунда-2 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 4204гө жетти, анын ичинен 2162 бейтап айыгып чыкты, 43 адам каза болду.