Дагы 19 медкызматкерден вирус табылды
- 25.06.2020, 10:32,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 228 адамдан вирус аныкталды, анын ичинен 19 медицина кызматкерлери экенин 25-июндагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-13, Ош шаарында- ,3 Ош облусунда-1, Баткен облусунда-1, Талас облусунда-1 учур.
Акыркы бир суткада 7 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 648ге жетти, анын ичинен 396сы айыгып чыкты, эки дарыгер каза болду.