22 медицина кызматкеринен вирус аныкталды
- 23.06.2020, 10:52,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
23-июнга карата акыркы бир сутка ичкинде Кыргызстанда 22 медицина кызматкери вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарынан-11, Чүй облусунан— 9, Ош шаарынан — 2 учур.
Акыркы бир суткада 2 медицина кызматкер стационардан айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 вирусунун жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 604гө жетти, анын ичинен 389 бейтап айыгып чыкты.