У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коомчулуктун сынына кабылган бет капсыз сүрөт үчүн кимдер айыппул төлөй турганы айтылды

 
Өкмөттүн топтолушуп бет капсыз сүрөткө түшкөнү коомчулук тарабынан туура сындалганын жана бул өкмөттүн ишине көлөкө түшүргөнүн айтып премьер-министр Кубатбек Боронов кыргызстандыктардан кечирим сурады. 
 
" Мыйзамга ылайык, өзүм баш болуп, вице-премьерлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айып пул төлөшөт. Аппарат кызматкерлерине айып пул салынбайт. Анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм", — деген өкмөт башчы.
 
Айып пулду: Премьер-министр Кубатбек Боронов, мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, өкмөттүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев, бөлүм башчылар төлөй турган болушту. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter